Одиночество неприятно само по себе, и большинство людей страшится его. Оказывается, тяга к общению вполне может быть защитной реакцией организма от разного рода психических расстройств. Подтверждением тому являются результаты недавно проведенного в США исследования
Вот как бывает ты обедаешь, а у кого-то рушится жизнь.
Ваше сообщение будет размещено только после прохождения процедуры проверки нашим модератором
Вопросы и ответы
08 Июля 2013
Кылычбеков Данияр
Нарын маалыматтары:
2013-жылы 28-май күнү ички иштер министрлигинин буйругунун жана жогорку соттун токтомунун негизинде Нарын ички иштер башкармалыгынын начальниги болуп милициянын полковниги Н.Молдоисаев дайындалган, бирок нарын эли нааразычылык акцияга чыгып 3-күн мөөнөтүндө Н.Молдоисаевти жумуш ордунан кетиришкен, ошол маалда Н.Молдоисаев полковникче убадасын элге берип экинчи Нарын ички иштер башкармалыгынын начальниги болбойм деп НОИБнын имаратынан чыгып кеткен.
Ошол бойдон кайрадан 2013-жылдын 3-июль күнү Н.Молдоисаев сөзүнө турбастан элдин кыжырына тийип жумуш ордуна келип алган.
5-июль күнү эрте мененки саат 10-00 чамаларында эл өкүлдөрү 7-апрель революциянын баатырлары Бердибаева Канайым баш болгон 7 адамдан турган эл өкүлдөрү НОИБна Н.Молдоисаевтин кабинетине кирип кайрадан жумуш ордунан кетишин талап кылышкан. Ошонун негизинде эл баатырлары областык администрацияга, мэрияга, шаардык милицияга билдирүү жолдоп Н.Молдоисаев жумуш ордунан кетпесе ачкачылык жарыялап, боз үйлөр тигилип, Бишкек-Торугарт жолун тозулушун билдиришти.
Бул окуяны Н.Молдоисаев ички иштер министрлигине толук кандуу маалымат бербестен, окуяны бурмалап коомдук-саясий кырдаал стабилдүү деп маалымат берген.
Ушул эле күнү революция баатырлары А.Жаманова жана башка атуулдар өкмөт үйүнө киришип Кыргыз Республикасынын вице-премьер министри Токон Мамытовко жолугуп ушул кырдаалды чечип беришин суранышкан. Ал киши 5-күндүн ичинде кырдаалды чечип берүүсүн убада берди.
Эгерде өкмөт башчылары нарын элинин Н.Молдоисаевтин үстүнөн жазган кайрылуусун тез аранын ичинде чечпесе коомдук-саясий кырдаал курчуп кетиши мүмкүн.
Все материалы, опубликованные на INFORM.KG, представлены только для частного ознакомления.
Любая перепечатка материалов возможна лишь при письменном согласии редакции.